Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Ташиев: Камчыбек Көлбаев ишкерлерге кысым кылса камалат (видео)


Камчыбек Көлбаев сот залында. Архивдик сүрөт.
Камчыбек Көлбаев сот залында. Архивдик сүрөт.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаев ишкерлерди кысымга алганы аныкталса жазага тартылат. Бул тууралуу 16-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) төрага болуп жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Ал ишкерлерге кайрылып, кылмыштуу топтор кысым кылып жаткан болсо атайын кызматка маалымат берүүнү өтүндү жана уюшкан кылмыштуулукка карыш күрөштүн үзүрү жакында көрүнө баштай турганын айтты:

«Эч нерсесине карабай, баарын жазалайбыз. Камчыбек Көлбаев кысым кылып же мыйзам бузса жазага тартылат. Жазаланып гана эмес, камакка отургузулат. Бандиттер, силерге өтө кыска мөөнөт берилет! Силер же мыйзам боюнча жашагыла, же өзүңөр мыйзам негизинде камерага баргыла, же биздин коомдон, мамлекеттен кетип калгыла. «Уурулар» эми эки-үч «Лексустун» коштоосунда кортеж болуп жүрбөйт! Бандиттер качып, жашына башташат. Биз ошондой кылабыз».

ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда Камчыбек Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн кылмыштуу уюшкан үч топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган.

46 жаштагы Көлбаев 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда социалдык түйүндөрдө «Көлбаев Бишкекте бир нече машиненин коштоосунда жүрөт, мамлекеттик резиденция тарапка өтүүгө аракет кылды» деген сүрөт жана видеолор жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG