Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Депутат Мамытов: Матраимов боюнча маселеде көп нерсе тергөөдөн көз каранды


Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты.
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча маселе иликтенип-тергелиши керек. Мындай пикирин «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты, Стамбулда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланышкан жагдайды жана маалыматтарды тешкерүү үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Талант Мамытов 16-октябрда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Депутаттын айтымында иликтөө калыс жүргүзүлүшү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарынын жетекчилерин алмаштыруу зарыл:

«Биринчи кезекте ал жакта жетекчиликти алмаштырыш керек. Тергөөдөн көп нерсе көз каранды. Азыр калыс тергөө же жаап-жашыруу боюнча ошол эле прокуратурада, УКМК, ички иштер органдарында жоопкерчилик турат. Бүгүнкү күндө прокуратуранын, УКМКнын жетекчилерин дайындоо болгондон кийин ошол маселелерге кайрылыш керек».

Ал «Азаттыктын» кабарчысынын: «Депутаттык комиссиянын корутундусунда эмне себептен Матраимовдун ысымы бир да жолу аталган эмес?» - деген суроосуна: «Тергөө купуялыгына байланыштуу айтылган маалыматтар менен гана чектелгенбиз», - деп жооп кайтарды. Саймаитинин өлүмүнүн чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгында алты кылмыш иши козголгонун эске салды.

«Ал факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканына байланыштуу. Тергөө купуялыгы деген бар. Бизге ошондой өтүнүч болгон. Алты кылмыш иши тергелип жатканынан улам тергөөнүн жыйынтыгы менен чечим чыгаруу деген маселе болгон. Алты кылмыш ишинин козголушу - комиссиянын ишинин жыйынтыгы. «Азаттыктын» иликтөөлөрүнүн негизинде тергөө жүргүзүлүп, тиешелүү юридикалык баа берилсин деген чечим чыккан», - деди Мамытов.

Талант Мамытов өзүнө кайсы бир органды жетектөө тууралуу бийликтен азырынча сунуш болбогонун кошумчалады.

Бүгүн, 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы жыйындын алдында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов да журналисттердин Матраимовдор боюнча суроосуна жооп берген. Ал «Матраимовдор боюнча кылмыш иштери боюнча тергөө жүрүп жатат» деп билдирди.

5-6-октябрдагы шайлоо жыйынтыгына нааразылык акцияларынан кийин тутанган жапырт башаламандыкта өзүн элдик башкы прокурор катары жарыялаганы айтылган «Чоң Казат» кыймылынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев Матраимовдорго, мурдагы премьер-министр Абылгазиевге карата коррупция боюнча кылмыш иши козголгонун, ал иштерди иликтөө Аскер прокуратурасына берилгенин жарыялаган.

Кытай жараны Айеркен Саймаити көзү тирүүсүндө өзүн журналисттерге «акча адалдоонун адиси болгом» деп тааныштырып, Кыргызстандан кеминде 700 миллион доллар адалдап кеткенин билдирген. Акча негизинен Кыргызстан аркылуу жүк ташуу бизнесин жүргүзгөн Хабибула Абдукадыр аттуу кишиники экенин, бажы кызматындагылар Абдукадырдын бизнесин калкалап турганы үчүн тийиштүү каражаттарды алышканын айткан. Мунун негизинде Саймаити өз көзөмөлү астында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атасынын атындагы фондго Абдукадырдын буйругу менен ири суммада акча которушканын кабарлаган. Журналисттик иликтөөдө Абдукадыр менен Матраимовдун бир нече байланышы, анын ичинде Дубайдагы бизнес өнөктөштүгү ашкереленген.

Матраимовдун үй-бүлөсү бул иликтөөнү четке кагып, журналисттерди сотко берген. (NT)

XS
SM
MD
LG