Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

ЕБ: Кыргызстанда президенттин милдети премьерге өткөрүлгөнү олуттуу суроо жаратууда


Жозеп Боррел.
Жозеп Боррел.

Европа Биримдиги (ЕБ) парламенттик демократия жолунда бараткан Кыргызстанда президенттин ыйгарым укуктары премьер-министрге өткөрүлүп берилгени олуттуу суроо жаратууда деп эсептейт. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелдин 15-октябрдагы билдирүүсүндө айтылды.

Анда биримдик президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийинки кызматтан кетиши тууралуу маалыматты кабыл алганы, эми президенттин ыйгарым укуктары менен милдеттери Конституциянын негизинде аткарылышы маанилүү экендиги белгиленди. Мында кыргыз бийлиги эл аралык милдеттенмелерин так аткарышы, мыйзам үстөмдүгүн, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин камсыз кылып бериши маанилүү экени айтылды.

Боррел Кыргызстандагы бардык саясий күчтөрдү конструктивдүү жана кеңири диалогго чакырып, парламенттик жана президенттик шайлоону эркин жана калыс өткөрүүгө үндөдү.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, башаламандык башталган. 15-октябрда президент бийликтен кетерин жарыялады. Мыйзам боюнча президент кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетсе анын милдетин парламент төрагасы аткарышы зарыл. Бирок спикер Канатбек Исаев баш тарткандыктан бул милдет премьер-министрге өткөнүн өкмөт башчы Садыр Жапаров жарыялады. (RK)

XS
SM
MD
LG