Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:37

Митингге чыккандар парламенттин, анын төрагасы Исаевдин кетишин талап кыла баштады


«Ысык-Көл» мейманканасынын алдындагы акция. Сүрөт «Спутник» агенттигинин түз эфиринен алынды. 2020-жылдын 15-октябры.
«Ысык-Көл» мейманканасынын алдындагы акция. Сүрөт «Спутник» агенттигинин түз эфиринен алынды. 2020-жылдын 15-октябры.

Бишкектеги «Ысык-Көл» мейманканасынын алдында буга чейин Сооронбай Жээнбековду кызматтан кетүүгө үндөп жаткан митингде эми Жогорку Кеңештин таркашы жана анын жаңы шайланган төрагасы Канатбек Исаевдин кетиши талап кылынууда.

Митингчилер имараттын бооруна «Биздин президент Садыр Жапаров», «Исаев кетсин!» жана «120 депутат бизге кереги жок» деген ураандарды илип коюшкан.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис курчуп турат.

15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерин жарыялады.

14-октябрда мурдагы депутат, 6-октябрга караган түнкү тополоңдо тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалган.

13-октябрда Канатбек Исаев парламенттин жаңы төрагасы болуп шайланган. (RK)

XS
SM
MD
LG