Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:52

Коронавирус күчөгөндүктөн «118» кызматы кайра иштей баштады


Кыргызстандагы убактылуу ооруканалардын бири. Август, 2020-жыл.
Кыргызстандагы убактылуу ооруканалардын бири. Август, 2020-жыл.

Кыргызстанда COVID-19 жайылып жатканына байланыштуу «118» ыкчам байланыш кызматы кайрадан ишке киришти. Бул тууралуу Коронвируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 14-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, бул кызмат 13-октябрдан бери иштеп жатат. Ага кайрылгандарга адистер COVID-19дун алдын алуу, андан дарылануу жолдору тууралуу медициналык кеп-кеңеш беришет.

Кыргызстанда коронавирус башталган март айынан кийин «118» кызматы ишке киргизилип, 10-сентябрда убактылуу токтотулган. Бул аралыкта колл-борбордун операторлорун окутуу иштери жүргүзүлгөнү кабарланды.

Акыркы жумаларда Кыргызстанда коронавирустун жайылышы кескин күчөдү.

Пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери өлкөдө илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1094 кишиге жетти.

14-октябрга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 330 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 50 201 кишиге жетти. Анын 44 884ү сакайганы айтылды. Бир күндө 172 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1960 бейтап стационарда, 1801и үй шартында дарыланууда. (NT)


XS
SM
MD
LG