Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:37

«Ата Мекен»: туруктуулук үчүн премьерликке Садыр Жапаровду колдоп берүүнү чечтик


«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Сентябрь, 2020-жыл.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Сентябрь, 2020-жыл.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев 12-13-октябрда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынын өкүлү Динар Турдугулова «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, бул жолугушууда негизинен өлкөдөгү кырдаал жөнүндө сөз болгон.

Маалыматка караганда, «Ата Мекен» партиясынын лидери жана парламенттеги фракциянын депутаттары кырдаал татаал экенин эске алуу менен, «тез арада бир пикир болбосо, өлкөнүн экономикасына, адамдардын коопсуздугуна чоң залака тийгизиши мүмкүн, буга байланыштуу тез арада легитимдүү, мыйзамдуу өкмөт түзүү зарыл» деген пикирге келишкен.

Партиянын ич ара кеңешмелеринен кийин парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары «туруктуулук, тынчтык, ынтымак, элдин бакубат турмушу үчүн, премьерликке Садыр Жапаровду колдоп беребиз» деген чечимге келген.

Буга чейин «Республика» партиясы да Садыр Жапаровдун тарапкерлерин колдой турганын билдирген. Парламенттеги фракция лидери Жээнчороев кырдаалды жөнгө салуу багытында саясий күчтөр ортосунда көп тараптуу жолугушуулар өтүп жатканын билдирген.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис өкүм сүрүп жатат.

Буга чейин парламент эки жолу чукул жыйынга чогулган. 10-октябрдагы кезексиз сессияда өкмөт башчылыкка 6-октябрга караган түнү түрмөдөн бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаров бекитилгени жарыяланган.

Бирок ошол чечимдердин мыйзамдуулугу, кезексиз сессияда кворумдун болгону суроо жараткандыктан маселе Жогорку Кеңеште кайрадан каралууда. (NT)

XS
SM
MD
LG