Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:38

БШК Текебаевдин депутаттык мандатын кайтаруу маселеси бүгүн да караган жок


Өмүрбек Текебаев. Архивдик сүрөт.
Өмүрбек Текебаев. Архивдик сүрөт.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатты кайтаруу маселеси ачык бойдон калды. Кворумдун жоктугунан Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 13-октябрга белгиленген жыйыны өтпөгөнүн Боршайкомдун жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, чечим кабыл алынышы үчүн жыйынга БШКнын кеминде сегиз мүчөсү катышуусу зарыл, бүгүнкү жыйынга алтоо чогулду:

“Кворум болуп чогулганда карашыбыз мүмкүн маселени. Текебаев боюнча, мандатын тапшырып жаткан депутаттын ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн да кворум керек. Токтотуу тууралуу биздин чечимибиз жарыяланышы зарыл. Андан кийин ошол мандатты өткөрүп берүү маселесин карайбыз”.

Боршайкомдун курамында 12 мүчө бар, алардын бири - төрайым.

Текебаев депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арыз менен Боршайкомго кайрылганы 10-октябрда белгилүү болгон. БШК анын маселеси 12-октябрдагы отурумда каралып, бирок чечилбей калган. Буга жыйынга БШК мүчөлөрүнүн тийиштүү саны катышпаганы жана бош мандаттын жоктугу негиз болгон.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер Өмүрбек Текебаевге орун бошотуп берүү максатында мандатынан баш тартканын 12-октябрда жарыялаган. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Садык Шердин арызын Боршайком 13-октябрда карай турганын билдирген.

Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрүшөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралып жатат.

Депутаттын макамы жөнүндөгү мыйзамга ылайык, соттун айыптоочу өкүмү жок болсо мандат берилиши керек. Текебаев мандатынан сот иштерине байланыштуу 2017-жылдын ноябрь айында ажыраган. (RK)

XS
SM
MD
LG