Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Марс Сариев: Азырынча Жээнбеков да, Жапаров да ордунда калганы туура


Марс Сариев, саясат таануучу.
Марс Сариев, саясат таануучу.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы парламент шайланып келгенге чейин кызматында турушу зарыл жана Садыр Жапаров да азырынча өкмөт башчылык кызматта калышы керек. Мындай пикирин «Азаттык» радиосуна саясат талдоочу Марс Сариев билдирди.

Сариев дүйнөлүк уюмдар Кыргызстандагы легитимдүү бийликтин жалгыз өкүлү катары Жээнбековду гана таанып жатканын, андыктан тышкы жардам токтоп калбашы үчүн ал кызматта калышы керек экенин белгиледи. Ал эми Жапаровдун легитимдүүлүгүн бекитип бериш үчүн парламентте кворуму бар жыйын чогулушу зарыл болорун айтты:

«Рим укугуна кирип, аны кабыл алуу керек деген туура эмес. Анда чаң-тополоң башталат. Азырынча Садыр Жапаров лидер. Ал калсын. Президент да эл аралык коомчулук алдында легитимдүү. Ушундай эки конструкция. Баланс болот. Азырынча. Легитимдүү парламент келгенде президент кетем десе кетсин».

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун эртеси күнү Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митинги өткөн. Ошол түнү президенттин аппараты жана парламент жайгашкан имаратка митингчилер кирип барышкан. Ошондон бери парламенттин бир катар депутаттары эки жолу – 6-октябрда жана 10-октябрда жыйынга чогулду. Экөөндө тең 6-октябрга караган түнү башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаров премьер-министр болуп тандалганы айтылды.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынында парламент төрагасынын милдетин аткаруучу болгон депутат, вице-спикер Мирлан Бакиров өкмөттүн жаңы курамын жана программасын бекиткен токтомго 12-октябрда кол койду.

Айрым депутаттар бул жыйындар регламентти бузуу жолу аркылуу өткөнүн айтып, легитимсиз деп эсептешүүдө. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG