Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:07

Садык Шер фракциядагы ордун партия лидери үчүн бошотуп берди


Өмүрбек Текебаев, "Ата-Мекен" партиясынын лидери.
Өмүрбек Текебаев, "Ата-Мекен" партиясынын лидери.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышындагы «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер депутаттык мандатынан баш тартты. Саясатчы бул кадамын "Азаттыкка" мандатын «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге берүү максаты менен түшүндүрдү:

«Биздин партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу маселени карап, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) учурда фракцияда «депутаттык вакансиялык мандат жок» деген тыянак чыгарыптыр. Ошондуктан, мен өзүмдүн ордумду бошотуп, аны лидерибизге берүүнү туура көрдүм. Анткени, бүгүнкү күнү парламент Өмүрбек Текебаев сыяктуу күчтүү саясатчыга муктаж. Мен БШКнын төрайымына арызымды да дал ушундай максатты көздөп, мандаттан баш тартканымды ачык билдирип жаздым. Эгер эртең алар бүгүнкү чечиминен баш тартып, мен бошоткон орунду да Текебаевге бербей, оюн кыла турган болсо, анда арызым күчүн жоготот».

Садык Шер БШКнын төрайымына арызын 12-октябрь күнү кечке жуук берген.

Бул маалыматты БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова ырастады. Анын айтымында, Садык Шердин арызын Боршайком эртең, 13-октябрь күнү карайт.

БШК 12-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү маселесин карап, бирок чечкен эмес. Комиссиянын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов жыйынга БШК мүчөлөрүнүн тийиштүү саны катышпаганынан жана бош мандат жоктугунан улам чечим кабыл алынбаганын билдирген.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арыз менен Боршайкомго кайрылганы 10-октябрда белгилүү болгон. Саясатчы өзү бул чечимге комментарий бере элек.

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралып жатат.

Депутаттын макамы жөнүндөгү мыйзамга ылайык, соттун айыптоочу өкүмү жок болсо мандат берилиши керек. Текебаев мандатынан сот иштерине байланыштуу 2017-жылдын ноябрь айында ажыраган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG