Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:18

10-октябрдагы сессияга катышкан жана ишеним кат аркылуу добуш берген депутаттардын тизмеси жарыяланды


«Ала-Арча» резиденциясында өткөн кезексиз сессия. 10-октябрь, 2020-жыл.
«Ала-Арча» резиденциясында өткөн кезексиз сессия. 10-октябрь, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу 10-октябрдагы кезексиз жыйынга келген жана ишеним кат берген депутаттардын тизмесин жарыялады. Анын айтымында, жыйынга келген депутаттарды тизмеге парламент аппаратынын кызматкерлери каттаган. Тизмеде 54 депутаттын аты-жөнү көрсөтүлгөн. Алар:

Гүлкан Молдобекова, Таабалды Тиллаев, Өмүрбек Бакиров, Жылдыз Мусабекова, Мирлан Бакиров, Кожобек Рыспаев, Бакыт Райымкулов, Нургазы Айдаров, Камчыбек Жолдошбаев, Талант Мамытов, Аида Касымалиева, Сагындык Келдибаев, Абдыбек Дүйшалиев, Жыргалбек Турускулов, Марлен Маматалиев, Тариел Жоробеков, Бактыбек Турусбеков, Умбеталы Кыдыралиев, Махабат Мавлянова, Урматбек Самаев, Айнура Аскарова, Пархат Тулендыбаев, Бакыт Төрөбаев, Уланбек Исмаилов, Нурлан Сырдыбаев, Акылбек Жапаров, Замирбек Эсенаманов, Искендер Гаипкулов, Абдумажит Юсуров, Алмазбек Акматов, Тазабек Икрамов, Эрмамат Тагаев, Алтынбек Сулайманов, Клара Самат, Улукбек Ормонов, Осмон Турдумамбетов, Калдарбек Баймуратов, Алмаз Жутанов, Адыл Жунус уулу, Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков, Нурбек Тотонов, Курманкул Зулушев, Мыктыбек Абдылдаев, Закир Шарапов, Рада Туманбаева, Алмазбек Токторов, Сайдулла Нышанов, Автандил Кулбараков, Дастан Жумабеков, Зарылбек Рысалиев, Ниязбек Арзыбаев, Марат Аманкулов, Евгения Строкова.

Ошондой эле Нуракун уулу ишеним кат аркылуу добуш берген 10 депутаттын тизмесин да жарыялады. Алардын ичинен ишеним катты:

Алиярбек Абжалиев Талант Мамытовго, Салайдин Айдаров Дастан Жумабековго, Кубанычбек Жумалиев Улукбек Ормоновго, Илхом Маннанов менен Искендер Матраимов Жылдыз Мусабековага, Абдыкапар Султанов Бакыт Төрөбаевге, Улан Примов Аида Касымалиевага, Азизбек Турсунбаев Алмазбек Токторовго, Максат Эгембердиев Өмүрбек Бакировго жазуу түрүндө берген. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановго ишеним катты жеке нотариус аркылуу бекиттирип берген.

Бир катар депутаттар, юристтер кезексиз жыйын өткөрүүдө 61 депутат катышып, тилкат добуш берүүдө гана саналышы керек деген негизде процедура, регламент бузулганын айтып, кезексиз жыйынды легитимсиз деп жатышат. Вице-спикер Аида Касымалиева жыйындан чыгып кетсе да тизмеге кирип калганын, добушу кошо эсептелгенин, бул мыйзамсыз экенин айтып чыкты.

КСДП фракциясынын дагы бир депутаты Дастан Бекешев бул жыйында кворум болбогонун, кээ бир депутаттар башка фракциядан ишеним кат алып, муну менен регламент бузулганын билдирген. Буга «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановго КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркуловдун ишеним кат бергенин мисал келтирген. Бекешев "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү" мыйзам боюнча ишеним катты фракциянын ичиндеги депутат фракциялашына гана бере аларын эске салган.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынында парламент төрагасынын милдетин аткаруучу болгон депутат, вице-спикер Мирлан Бакиров 12-октябрда өкмөттүн жаңы курамы жана программасы боюнча токтомго кол койгону кабарланды.

10-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы 6-октябрга караган түнү массалык башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган.

Садыр Жапаров жыйындан кийин уюштурган маалымат жыйынында ишке расмий киришкенин жарыялаган. «Мекенчил» партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков «Кворум болгонун Мыктыбек Абдылдаев (Ред.: Дастан Жумабеков арыз жазганы айтылгандан кийин спикерлик милдетти аткарып жаткан депутат Мыктыбек Абдылдаев 10-октябрдагы кезексиз жыйында кызматтан кеткенин жарыялаганы айтылган) өзү айтты. Ишеним кат менен кошо 63 киши болду» деп «Азаттыкка» маалымдаган.

Мыйзам боюнча жыйын тууралуу токтомго президент үч күн аралыгында кол койгондон кийин чечим күчүнө кириши керек. (NT)

XS
SM
MD
LG