11-октябрдагы оюн-зоок, концерт менен коштолуп, бекер тамак-аш таратылган президенттик шайлоо Эмомали Рахмондун президенттик мөөнөтүн дагы жети жылга узартып берди. Чынында эл аралык коомчулук Тажикстанды дээрлик 28 жылдан бери башкарып келаткан, авторитардык лидер деп мүнөздөлгөн Рахмондун жеңүүчү аталарынан күмөн санаган эмес.
Себеби калган талапкерлердин баары бийликчил партиялардын өкүлдөрү. Анын үстүнө аларды коомчулуктун калың катмары да тааныбайт. Талдоочулар бул талапкерлер “көргөзмө үчүн эле” шайлоого катышып жатканын билдиришкен.
Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбү күнү жарыялаган алдын ала жыйынтыктарга ылайык, Рахмон добуштардын 90% ашыгын алса, калган төрт талапкердин жалпы добушу 8% жеткен жок. БШК жекшемби күнү 4 миллион 900 миңден ашуун шайлоочунун 85% көбү добуш бергенин маалымдады.
“Коммунисттик партиянын талапкери Абдуллоев Миродж 1,17%, Социалисттик партиядан Гаффорзода Абдухалим 1,49%, Агрардык партиянын талапкери Латифзода Рустам 3%, Экономикалык реформа партиясынан Рахматзода Рустам 2,15%, Элдик демократиялык партиянын талапкери Эмомали Рахмон 90,92% добуш топтоду”, - деп билдирди Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахтиёр Худоёрзода.
Байкоочулар бул шайлоо адаттагыдай эле бир топ мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышты. "Азаттыктын" тажик кызматынын кабарчылары баш калаа Душанбеде кеминде эки шайлоочу бюллетендерди топ-тобу менен урнага салып жатканын тартып калышкан.
Бул Тажикстандагы таасирдүү “Ислам кайра жаралуу” партиясы “террорчул уюмдардын” тизмесине киргизилгенден берки биринчи президенттик шайлоо. Өздөрүн өлкө ичиндеги жападан жалгыз оппозиция катары тааныштырган Социал-демократиялык партиясы да бул шайлоону бойкоттоду. Партиянын лидери Рахматулло Зоиров добуш берүүнүн зарылчылыгы жок экенин, эл кимди шайласа да Борбордук шайлоо комиссиясы өзү камдап койгон сандарды гана жарыялай турганын “Азаттыктын” тажик кызматына айткан.
Рахмон дүйнөдөгү, өзгөчө пост-советтик чөлкөмдөгү бийликте эң узак отурган президенттердин башкы саптарында турат. Ал 1992-жылдан берки төрт президенттик шайлоонун баарын утуп чыккан. Бирок Батыш өлкөлөрү бул шайлоонун бирөөнү да "эркин жана ачык-айкын" деп тааныган эмес. Чет өлкөгө чыгып кеткен тажик оппозициясынын өкүлдөрү да Рахмонду бийлигин узарткан шайлоолорду айыптап келишет.
Бул жолку шайлоо COVID-19 пандемиясына байланыштуу Тажикстандын экономикасы начар абалда турган шартта өттү. Жүз миңдеген тажик мигранттары кайра Орусияга кайта албай жатышат. Натыйжада мигранттар өлкөгө салган каражат да азайып кетти.
Буга карабастан Тажикстандын экономика министринин мурдагы орун басары Каримжан Ахмедов Рахмондун мөөнөтү узартыларынан күмөн санабайт. Ал өлкөдөгү мурдагы жана азыркы шайлоону да тандоо эмес, “дайындоо” деп эсептейт.
“Экономикалык жагдай Тажикстандагы башкы аныктоочу фактор эмес. Себеби өлкөнү башкарып жаткан клептократиялык режим дайыма жарандык согуш маселесин козгой берет. Бул эл үчүн чоң басым. 26 жылдан бери эл саясаттан оолактап кетти. Алар азыр өз курсагын тойгузуунун, үй-бүлөсүн багуунун гана жолдорун издеп жатышат. Миллиондон ашуун адам чет өлкөдө жүрөт. Рахмон элди саясаттан оолактаткан, апкаарыткан системаны түзүп алды”, - деди Ахмедов.
Мындан улам талдоочулар Тажикстанда шайлоодон кийин Кыргызстандагыдай нааразылык акциялары чыгаарынан күмөн санашат. Рахмон өзү жекшемби күнү добуш берип жатып, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.
Быйыл Эмомали Рахмон президенттикке барар-барбасы август айына чейин бүдөмүк болуп келди. Себеби айрым талдоочулар Рахмондун ордуна анын уулу Рустам шайлоого катышышы мүмкүндүгүн айтышкан эле.
32 жаштагы Рустам Эмомали быйыл апрель айында парламенттин жогорку палатасынын спикери болуп шайланган. Ал атасы президенттик кызматты аркалай албай калган шартта мамлекет башчынын милдетин аткарып калмакчы.