Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:29

Шеримкулов: Президент парламенттик кайра шайлоо өткөндөн кийин гана өз эрки менен кызматын тапшырууга милдеттүү


Медеткан Шеримкулов, "Легендарлуу парламенттин" төрагасы
Медеткан Шеримкулов, "Легендарлуу парламенттин" төрагасы

"Легендарлуу парламенттин" төрагасы, мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов 11-октябрда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады. Экс-спикер кайрылуусунда 10-октябрь күнү парламент Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлаганы түрдүү пикирлерди жаратып жатканына карабай, өлкөнүн мыйзам жолуна кайтып келе жатканын көрсөтүп турганын, бирок бул чечимдин сот аркылуу жокко чыгып калуу да ыктымалдыгы барын белгилеген. Шеримкуловдун кайрылуусунда:

“Конституциядан жана мыйзамдардан четтебөө үчүн жаңы премьер-министр Садыр Жапаров кийинки кадамдарын жалаң мыйзам чегинде гана жүргүзүүсү тийиш. Мамлекеттик бийликти мыйзам жолуна түшүрүү үчүн, Кыргызстандын легитимдүү президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы катары милдеттерин аткарууну Жогорку Кеңешке кайра шайлоо өтүп, жаңы өкмөт куралганча улантуусун сунуш кылам. Кайра шайлоо мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилбей өткөрүлүүсү тийиш. Шайлоону түрдүү себептер менен кечиктирүү же жылдыруу жаңы нааразылыктарга жана башаламандыктарга алып келет”, деп жазылган.

Медеткан Шеримкулов учурдагы кырдаалда Конституциялык реформа үчүн референдум өткөрүү мүмкүн эместигин да кошумчалаган.

“Жаңы Конституция кабыл алуудан мурун мамлекеттик башкаруу формасын жалпы элге салып чечүү, бийлик бутактарынын укуктарын жана милдеттерин аныктоо зарыл. 2010-жылы Конституцияны кабыл алгандагыдай мүчүлүштүктөргө жол берилбеши керек, - деп белгилеген экс-спикер президент мындай кырдаалда кызматтан кетип калуусу мүмкүн эмес деп эсептейт.

"Парламенттик шайлоону өткөргөндөн кийин гана Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчылыктан өз эрки менен кетүүсү керек. Анын азыр кетип калуусу өлкөнү саясий жана укуктук коллапска такап, кайра массалык митингдерге жана башаламандыктарга алып келүүсү ыктымал”.

Медеткан Шеримкулов Садыр Жапаровду андан көрө бардык көңүлдү кышка даярдык, бардык бийлик бутактарынын ишин жандандыруу, коронавирустун жайылып кетүүсүнө жол бербөө, экономикалык жана чарбалык маселелерди чечүүгө бурууга чакырган.

«Кошуна, алыскы жана жакынкы чет мамлекеттер мене достук жана ишеним мамилесин орнотуу маселеси бар. Сырттан келүүчү инвесторлорго коопсуз шарт түзүү, бизнести колдоо зарыл. Жыл мамлекеттик бюджеттеги чоң тартыштык менен аяктап жатат. Алдыда оор акыбал, ал эми өлкөнү экономикалык-каржылык чоң сыноо күтүп турат. Ошондуктан, Садыр Жапаровдун өкмөтү өлкөдөгү туруктуулукту сактоого жана жалпы Кыргызстан элинин ишенимине ээ болууга жетишүүсү керек. Азыркы күндө көрсөтүлүп жаткан колдоо жалпы элдин колдоосу эмес. 61 депутаттын колдоосу жалпы элдин колдоосу эмес. Менин сөзүмдү Жапаров угат деп ишенем” деп белгилеген Шеримкулов.

Мамлекеттик ишмер ошондой эле президентти, парламентти жана өкмөттү өлкөдө тынчтыкты жана мыйзамдуулукту орнотууга, ал эми жалпы элди ынтымакка, биримдикке чакырган.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткен.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева парламент жыйынында кворум болбогонун, депутаттарды коркутуп-үркүтүүлөр болгонун айтып чыккан. Мындай маанидеги билдирүүнү башка бир катар депутаттар, фракция башчылары, юристтер да айтышууда.

Ал эми Садыр Жапаровдун тарапташтары бул пикирлерди четке кагып, "кворум бардыгы тууралуу спикердин милдетин аткаруучу Мыктыбек Абдылдаев айтканын, жыйынды ачканын" жүйө келтиришүүдө. Садыр Жапаров өзүн легитимдүү өкмөт башчы катары санап, жаңы өкмөттүн мүчөлөрүн дайындап, кайра дайындап жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG