Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:49

Канат Сагынбаев менен Темирлан Султанбеков 48 саатка камалды


Ала-Тоо аянтындагы митинг. Бишкек шаары. 9-октябрь, 2020-жыл.
Ала-Тоо аянтындагы митинг. Бишкек шаары. 9-октябрь, 2020-жыл.

10-октябрь күнү Кой-Таштан кармалган Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагынбаев менен «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков Биринчи май райондук сотунун чечими менен 48 саатка камалды. Бул тууралуу адвокат Бакыт Автандил уулу “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, алар 9-октябрдагы Бишкекте болгон массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен кармалып, камалды.

Бишкек шаарындагы массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында бүгүн, 10-октябрь күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, жансакчылары Дамир Мусакеев, Канат Сагынбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков жана ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган.

Алмазбек Атамбаевдин уулдары Сеит жана Кадыр Атамбаев да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң, кайра кое берилген.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду жактоочулары барып камактан чыгарып кетишкен.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Андан бери президент элге беш ирет кайрылды, бирок элдин алдына чыга элек.

Бул окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

10-октябрь күнү Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровду өкмөт башчылык кызматка бекитти. 10-октябрдан тартып президенттин жарлыгы менен Бишкек шаарынын аймагында Өзгөчө абал киргизилди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG