Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Премьер-министрдин милдетин Алмазбек Баатырбеков аткарууда


Алмазбек Баатырбеков.
Алмазбек Баатырбеков.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков өкмөт башчынын милдетин аткарууда. Бул тууралуу 10-октябрда «Азаттык» радиосуна өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон соң жаралган кризис тереңдеп баратат. 5-октябрда шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрүнүн митинги башаламандык менен аяктап, президенттик администрация жана башка мамлекеттик органдардын имараттарын ээлеп алышкан. Өлкөдөгү легитимдүү бийлик органы болуп саналган парламент жаңы өкмөттү түзүш үчүн чогула элек.

9-октябрда Кубатбек Боронов баштаган өкмөт отставкага кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG