Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:10

Парламент кырдаалды талкуулоо үчүн чогулду (түз эфир)


Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы курамы бүгүн, 10-октябрда кезексиз жыйынга чогулду.

Анда президенттин Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгы, спикердин милдетин аткаруучу Мыктыбек Абдылдаевди бекитүү, өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан талапкерлер каралат.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон соң жаралган кризис тереңдеп баратат. 5-октябрда шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрүнүн митинги башаламандык менен аяктап, президенттик администрация жана башка мамлекеттик органдардын имараттарын митингчилер ээлеп алышкан.

Өлкөдөгү легитимдүү бийлик органы болуп саналган парламент жаңы өкмөттү түзүш үчүн чогула албай жаткан.

9-октябрга караган түнү Сооронбай Жээнбеков өлкөдө абал турукташып, мыйзамдуу бийлик органдары куралган соң кызматын тапшырууга даяр экенин билдирген. Ошол эле күнү өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун отставкасын кабыл алып, УКМКнын, Башкы штабдын жетекчилерин кызматтан алуу тууралуу жарлыктарды чыгарган.

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, парламент төрагалыгына Мыктыбек Абдылдаев жана премьер-министрликке талапкер катары толкундоолордон соң абактан чыккан Садыр Жапаров көрсөтүлгөнү кабарланган. Депутаттардын башка бөлүгү бул жыйында кворум болбогонун, чечимдер легитимсиз экенин айтып чыгышкан.

Парламент тарыхый жоопкерчилигин сезиши керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:19 0:00

9-октябрда "Республика", "Ата Мекен", "Бир бол" жана "Реформа" партиялары "Акыркы Үмүт" деген саясий коалицияга биригип, Өмүрбек Бабановду премьерликке көрсөткөн.

Бул күнү үч жерде митинг өтүп, "Ала-Тоо" аянтында тараптардын ортосунда жаңжал чыккан. Ошол эле кезде президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарган.

Бул окуялардан кийин Жогорку Кеңештин вице-спикери, КСДП фракциясынан депутат, "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Аида Касымалиева парламенттеги көпчүлүк коалициянын мүчөлөрүн премьер-министрлик кызматка жаңы талапкер көрсөтүүгө чакырды.

Бул тууралуу ал "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Анда Касымалиева үч күн мурун Садыр Жапаровду колдогон депутаттарды башка талапкерди колдоого үндөдү. Башка талапкердин атын атаган жок.

"Садыр Жапаров өлкөдөгү парламентке кирген жана анын сыртындагы ар кыл күчтөрдүн башын кошкон, бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө болуп, жаңы парламенттик шайлоону тынч өткөрүүгө шарт түзүүгө салым кошкон адам болот деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, акыркы бир нече күндөгү окуялар анын жеке сапатын эске албаганда, коомдун көпчүлүк бөлүгү аны кабыл алуудан баш тартарын көрсөттү жана жалпы өлкөнүн башын бириктиргендин ордуна тескерисинче ажырым менен пикир келишпестикти күчөтчүдөй кырдаал жаралды. Элдик ишенимдеги өкмөттүн ордуна кыжырданууга ээ болобуз жана анын премьер-министр болуп шайланышы коомдогу мындан аркы толкундоолорго себеп болот. Биз мындай кооптуу кадамга бара албайбыз" - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Жогорку Кеңештин депутаттарын өлкөнүн жана жарандардын келечеги алдындагы жоопкерчиликти терең түшүнүүгө чакырды. Мамлекеттик бийликтин легитимдүү органы болуп турган парламент толук курамда чогулуп, жаңы өкмөттү бекитиши керектигин, каршылашып жаткан саясий күчтөрдүн, бирикмелердин жана партиялардын ортосунда бекем көпүрө болуп бериш үчүн акылмадыгын жана сыпайылыгын көрсөтүшү зарылдыгын эскертти.

Бардык саясий күчтөргө жолдогон кайрылуусунда омбудсмен кырдаалдын чыңалуусун токтотууга, жеке таарынычтар менен ич ара айыптоолорго жетеленбөөгө чакырды.

9-октябрда болгон окуя Кыргызстандын эгемендигин жоготуп алууга алып келчү чекке жеткиргенин айтты.

"Укуктук талаага парламент менен президент киргизиши керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:19 0:00

Бишкектеги окуя эл аралык коомчулуктун көз кырында

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) төрагалыгы Кыргызстандагы бардык тараптарды зомбулуктан алыс болууга жана өлкөдөгү кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды. Уюмда төрагалык кылуучу Албания өлкөсүнүн атынан жарыяланган кайрылууда:

“Албания төрагалыгы кырдаалдын начарлашына байланыштуу тынчсыздануусун белгилеп, Кыргызстанды биримдикке чакырат. Биз Кыргызстандын бардык саясий лидерлерин жана жарандарын зомбулуктан алыс болууга жана өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо кызыкчылыгында иштөөгө чакырабыз."

Кайрылууда ЕККУ Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды тыкыр көзөмөлдөөнү улантып жатканы белгиленген.

Ага чейин Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикистандын жана Түркмөнстандын президенттери Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу биргелешкен билдирүү жарыялашкан.

«Бир тууган Кыргызстандагы окуялар бизди кабатыр кылууда. Бизди кыргыз эли менен достук, кошуналык, маданий жана тарыхый баалуулуктар байланыштырып турат. Жакынкы кошуна катары кыргыз элин өлкөдөгү тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого чакырабыз. Бардык саясий партиялар жана коомдук чөйрөлөр маселени Конституцияны жана башка мыйзамдарды сактоо менен чечет деген үмүтүбүз бар. Кыргызстандын тынчтыгы жана коопсуздугу – жалпы Борбор Азиянын коопсуздугу. Биздин өлкөлөрдүн тарыхы бир, келечеги да чогуу курулууда», - деп жазылган анда.

Президенттер ошондой эле билдирүүдө жалпы максаттарды ишке ашырыш үчүн мамлекеттер аймакта соода-экономика, инвестициялык, транспорт-коммуникациялык жана маданий-гуманитардык, чек ара жана аймактар аралык кызматташтыкты бекемдеп келе жатканы жазылган. Мындан тышкары жалпы Борбор Азия өлкөлөрүнүн тилектештиги үчүн дайыма Кыргызстандын элин ынтымак, тынчтык, өсүп-өнүгүү жолунда колдоого алары кабарланган.

Саясий кризистен чыгуунун кандай жолдору бар?
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:21 0:00

XS
SM
MD
LG