Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:45

ЕККУ Кыргызстандагы бардык тараптарды зомбулуктан алыс болууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) төрагалыгы Кыргызстандагы бардык тараптарды зомбулуктан алыс болууга жана өлкөдөгү кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды. Уюмда төрагалык кылуучу Албания өлкөсүнүн атынан жарыяланган кайрылууда:

“Албания төрагалыгы кырдаалдын начарлашына байланыштуу тынчсыздануусун белгилеп, Кыргызстанды биримдикке чакырат. Биз Кыргызстандын бардык саясий лидерлерин жана жарандарын зомбулуктан алыс болууга жана өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо кызыкчылыгында иштөөгө чакырабыз".

Кайрылууда ЕККУ Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды тыкыр көзөмөлдөөнү улантып жатканы белгиленди.

Кыргызстан ЕККУ менен кызматташтыгын 28 жыл мурда баштаган. Бул уюмга мүчө өлкөлөр кезек-кезеги менен төрагалык милдетти аткарышат.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоодон кийин нааразылык акциялары башталган. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Президент өлкөдө абал турукташса отставкага кетүүгө даяр экенин билдирген.

9-октябрда Бишкекте башаламандык болуп, адамдар жараат алышты. 6-октябга караган түнү митингчилер президенттин кеңсеси жана парламент жайгашкан имаратка бастырып кирип барышкан. Бул түнү нааразылык акциясына чыккан бир адам каза болгон. Мыйзам талаасына кайтып келүү боюнча орток пикир табылбай, өлкөдө саясий кризис орун алып турат. (RK)

XS
SM
MD
LG