Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Орозбек Опумбаев УКМКнын төрагалык кызматынан бошотулду


Орозбек Опумбаев.
Орозбек Опумбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда кол койгон жарлыкка ылайык, Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Орозбек Опумбаев бул кызматка 2019-жылдын июнь айында дайындалган. Азырынча анын ордуна ким дайындалганы тууралуу маалымат жок.

9-октябрда мекеменин имаратында Коопсуздук кеңешинин катчысынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиевдин катышуусунда коопсуздук кызматынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин жыйыны өттү. Анда 6-октябрдан бери ишке чыкпай жатканы белгисиз болуп жаткан УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевдин ордуна коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп биринчи орун басары Талант Салиев иш алып барары айтылган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Бул окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган. Өлкөдө азыр коомдук-саясий кризис өкүм сүрүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG