Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:16

Ички иштер министринин милдетин аткаруу Алмаз Орозалиевге жүктөлдү


Алмаз Орозалиев.
Алмаз Орозалиев.

Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруу Алмаз Орозалиевге жүктөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиев «Азаттыкка» билдирди:

«Биз кырдаал оор күндөрү 6-7-8-октябрда өлкөнүн коопсуздугун жана тартипти сактоо максатында жүктү мойнубузга алып иштедик. Ошол күндөрү бул жоопкерчилик ички иштер министринин милдетин аткаруучу катары Курсан Асановго жүктөлгөн. Ал өзүнө жүктөлгөн милдетти жакшы аткарды. Бирок биздин милдет кайсы бир кызматты басып алуу эмес. Ошондуктан, ал бүгүн министрдин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берди. Азыр бул кызмат министрдин орун басары Алмаз Орозалиевге жүктөлдү».

Мурдараак айрым басылмалар ИИМдин жеке курамы Курсан Асанов менен кызматташуудан баш тартышканын жазып чыгышкан. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы жарым-жартылай ырастап, башка мамлекеттик органдар сыяктуу эле ИИМ дагы мыйзамдуу жетекчи катары министрдин кийинки орун басарлары убактылуу иш алып баруусун талап кылып жатышканын билдирди. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 5-октябрдагы нааразылык митингдеринен кийин кайда экени белгисиз. Анын биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ошто экени кабарланып, 6-октябрдан бери жергиликтүү милиция менен бирге кырдаалды жөнгө салып жаткандыгын, министрдин тергөө иштери боюнча орун басары Памир Асанов 26-сентябрдан бери коронавирустан дарыланып жатканын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду жактоочулары барып камактан чыгарышкан.

Парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкери, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары башаламандыктан кийин кызматына кайтып барып, өлкөдөгү күч түзүмдөрүн координациялоону колуна алган. Ал күндөрү коомдук тартипти көзөмөлдөө жана ички иштер министринин милдетин аткаруу Курсан Асановго жүктөлгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Андан бери президент элге үч ирет кайрылды, бирок элдин алдына чыга элек.

Бул окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Легитимдүү бийлик органы катары саналып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогула албай жатышат. Буга чейин депутаттар эки бөлүнүп кеңешке чогулганы кабарланган.

Учурда мыйзам алкагына кайтып келүү максатындагы аракеттер жыйынтык бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG