Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

9-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

9-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Тоолуу аймактарда карга айланат.

Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жамгыр жаап, тоолуу райондордо карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…4, күндүз 8…13;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.

9-октябрда Бишкек шаарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы: түнкүсүн 2…4°, күндүз 11…13° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG