Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматын тапшырды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров маалымдады. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына:
"Мэрдин шаар үчүн жасаган иштерине ыраазы болуңуздар. Алдыда ири долбоорлорду толук ишке ашыруу пландары болчу. Элибизге дагы көп кызмат кылат деген үмүттөбүз. Толугураак маалыматты эртең айтабыз," - деп жазды.
Дүйшөн Төрөкулов өзүн Ош шаарынын мэри деп жарыялады. Ал Таалайбек Сарыбашевдин колунан бийлик өткөрүп алганын айтты.
6-октябрда мэриянын алдына ондогон адам чогулган. Алар Таалайбек Сарыбашовдун мэрлик кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Митингчилер азыр деле тарай элек.