Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:23

Жээнбеков шайлоого катышкан бардык партиялардын лидерлери менен жолукмай болду


Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлери менен жолугушууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта «жолугушуу 6-октябрга саат 11-00гө пландаштырылды. Бардык 16 партиянын лидерлери чакырылат» деп айтылды.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки күнү баш калаада ири нааразылык акциясы өттү. Анда 12 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, бийликке кайрадан шайлоо өткөрүү тууралуу талап коюп жатканы айтылды. Митингди милиция күч менен кууп таратты. Бирок аянттын тегерегиндеги көчөлөрдө митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин тиреши уланууда.

Шайлоонун расмий жыйынтыгына караганда, парламенттеги мандаттардын дээрлик баары бийликчил үч партияга тийди. Шайлоого катышып, бирок жети пайыздык босогодон өтө албай калган партиялардын өкүлдөрү бул жараян өтө ыплас өткөнүн, добуштардын көбү сатылып алынганын айтууда. Президент жана БШК бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлүп берилгенин билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG