Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Депутат Жанарбек Акаев жарадар болду (видео)


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митингди таратууда «Ата Мекен» партиясынын талапкери, депутат Жанарбек Акаев жараат алды. Бул тууралуу Акаевдин жардамчылары «Азаттыкка» кабарлашты. Анын айтымында, бутунан жараат алган Акаев учурда ооруканага жеткирилүүдө. Интернетте тараган видеодо жараат алган Акаевди курчаган адамдар көтөрүп баратканын көрүүгө болот.

Аянтка чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, желим ок, катуу үндүү граната, суу чачып таркатууда.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жаткан. Катышуучулар Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имаратынын тосмосунан секирип кирүүгө аракет кылышкан. Милиция, ОМОН кызматкерлери митингдегилерди экиге бөлүп, атайын автоунаа жана иттердин жардамы менен кубалоодо. «Азаттык» радиосунун кабарчыларынын түз эфиринен айрым жарадар болгон атуулдарды да көрсө болот. Митингчилер атылган октон жана түтүндөн улам тарап жатат.

XS
SM
MD
LG