Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:57

Нарындан Бишкекке митингчилер жөнөдү


Бишкектеги каршылык акциясы.
Бишкектеги каршылык акциясы.

Шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон 500дөй киши Нарындан Бишкекке жөнөп кетти. «Республика» партиясынын талапкери Илгиз Сарылдык уулунун маалыматына караганда аталган партиянын 200дөй тарапкери 5-октябрда Бишкекке жөнөдү. Ошондой эле «Ата Мекен» саясий партиясынын талапкери Эрлан Аскаров облус боюнча 300дөй киши Бишкектеги митингге кошулуу максатында жөнөп жатышканын айтты.

Нарында 5-октябрда «Республика» жана «Ата Мекен» партияларынын өкүлдөрү нааразылык акциясына чогулушкан. Акцияга «Республика» партиясынын талапкери Илгиз Сарылдык уулу, «Ата Мекен» саясий партиясынын талапкери Эрлан Аскаров сөз сүйлөп, «шайлоо ыпылас өттү, жапырт добуш сатып алуу болду» деп, мөөнөтсүз митинг жарыялашты. 4-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясына чогуу чыгарын «Ата Мекен» жана «Республика» партиялары билдиришкен.

«Бир Бол» партиясы да оппозициялык блокко кошуларын маалымдаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү. БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген. (MiK)

XS
SM
MD
LG