Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:56

12 партия шайлоону жокко чыгарууну БШКдан талап кылат


Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.
Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.

12 саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) 4-октябрдагы шайлоону жокко чыгарууну талап кылган билдирүүгө кол койду. Бул тууралуу Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев билдирди. Жээнчороевдин айтымында, кол койгондордун арасында «Мекенчил» партиясы жана «жети пайыздык чектен өткөнү» белгилүү болгон «Бүтүн Кыргызстан» партиясы да бар.

«Үч ууру партиядан тышкары бардык партиялар кол койду, «шайлоо жокко чыксын, бандиттер менен уурулар кетсин» деп», - деди саясатчы.

12 партиянын билдирүүсүндө: «Миңдеген кыргызстандыктар менен бирдикте биз бүгүн Бишкектин жана Кыргызстандын бардык аянттарына чыгып жатабыз, анткени өлкөнүн тарыхындагы эң ыплас шайлоолордун жыйынтыгын биз тааныбайбыз! Бул шайлоо одоно мыйзам бузуу менен өттү, добуштар массалык түрдө сатып алынды, шайлоочуларга кысым жана коркутуу болду - бул добуш берүүнүн жүрүшүнө, шайлоонун натыйжаларына таасир этти! Биз №2 форма боюнча каттоодон өткөрүп, бюллетендерди сүрөткө тарттырып, беткапчан айырмалоочу белгилерди тагынууга мажбурлап, добуштарды сатып алып өткөргөн шайлоону жокко чыгарыш керек деп жарыялайбыз. Добуш берүү толугу менен бийликчил, коррупционерлер менен бандиттердин партияларынын конституциялык эмес жана мыйзамсыз аракеттери менен коштолду. Андан тышкары, добуштарды эсептөө процесси ачык эмес жана мыйзамсыз шарттарда өттү!» деп жазылды.

Аянтта «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган митингге кийинчерээк «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш», «Мекенчил» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери кошулган.

Ушу тапта митинг уланууда. Ага 15 миң киши катышып жатканын айрым катышуучулар айтып жатышат, милиция комментарий бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда, 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан.

Боршайком шайлоону таза өткөрүш үчүн бардык шарт түзүлгөн деп эсептейт. Өкмөт мыйзам бузулган учурлар болгонун, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир этпей турганын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG