Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:56

Төрт партиянын тарапкерлери «Кайра шайлоо!» деген ураан менен Ала-Тоо аянтын көздөй баратат


Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы жарандар. 2020-жылдын 5-октябры.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы жарандар. 2020-жылдын 5-октябры.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» саясий партияларынын лидерлери жана тарапкерлери Бишкекте Опера жана балет театрынын алдында баштаган митингин Ала-Тоо аянтында улантмай болушту.

Ушу тапта алар «Кайра шайлоо!» деген ураан менен аянтты көздөй баратышат.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы жарандар. Бишкек. 2020-жылдын 5-октябры.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы жарандар. Бишкек. 2020-жылдын 5-октябры.

Аянтта бүгүн эртең менен «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары митинг өткөрө башташкан. Алар да шайлоо ыплас өткөнүн белгилеп, бийликты сындап жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан.

БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG