Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:28

«Реформа»: Жыйынтык чыкмайынча мөөнөтсүз митинг улана берет


Азият Жекшеев. Архивдик сүрөт.
Азият Жекшеев. Архивдик сүрөт.

Парламенттик шайлоонун натыйжасын тааныбоо тууралуу талап менен уюштурулган митинг жыйынтык чыкмайынча улана берет. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкектин Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингдин уюштуруучуларынын бири, «Реформа» партиясынын өкүлү Азият Жекшеев билдирди:

«Шайлоо жапырт мыйзам бузуу, элди коркутуп-үркүтүү менен өттү. Парламентке уурулар менен паракорлор, алтынчы чакырылыш (Жогорку Кеңеш - ред.) кайра келип отуруп алды. Биз жаңыланууну көздөп шайлоого чыкканбыз. Бүгүн бул жерде элдин арасынан чыккан партиялар чогулуп жатат. Биригип, резолюцияга кол койгон партиялар эми аягына чейин барышат. Жыйынтык чыкмайынча мөөнөтсүз митинг улана берет».

Жалпысынан шайлоого 16 партия катышкан. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдын ала маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон айрым партиялар биригип, тынч акцияларды уюштурарын билдиришкен.

БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген. (RK/BTo)

XS
SM
MD
LG