Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:14

БШК: Саат 11:00гө карата 2429 участоктун жыйынтыгы чыкты


Добуш бюллетендерин кол менен саноо учуру. 4-октябрь, 2020-жыл.
Добуш бюллетендерин кол менен саноо учуру. 4-октябрь, 2020-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова басма сөз жыйынында билдиргендей, бүгүн, 5-октябрдын саат 11:00гө карата 2429 шайлоо участогунда берилген добуштар тууралуу маалымат чыкты. Ал эми жыйынтыгы келе элек 45 участок чет мамлекеттерде. Бир участок - Баткендеги Зардалы чек ара бекетинде.

Шайлдабекованын маалыматына ылайык, автоматтык үкөк системасынын алдын ала жыйынтыгы боюнча, 5-октябрь, саат 11:00гө карата партиялар төмөнкүдөй добуштарга ээ болушту:

«Биримдик» партиясы - 487 685 добуш же 24,5%;

«Мекеним Кыргызстан» - 475 372 добуш же 23,88%;

«Кыргызстан» - 174 317 добуш же 8,76% ;

«Бүтүн Кыргызстан» - 141 940 добуш же 7,13% менен жети пайыздык чектен өтүштү.

«Мекенчил» - 136 276 добуш же 6,85%;

«Республика» - 115 288 добуш же 5,79%;

«Ата Мекен» - 80 279 добуш же 4,03%;

«Ыйман Нуру» - 66 747 добуш же 3,35%;

«Бир Бол» - 60 305 добуш же 3,03% ;

«Чоң Казат» - 46 568 добуш же 2,34%;

«Замандаш» - 42 862 добуш же 2,15%;

«Социал-демократтар» - 42 460 добуш же 2,13%;

«Реформа» - 32 795 добуш же 1,65% ;

«Мекен Ынтымагы» - 12 468 добуш же 0,63%;

«Ордо» - 4 395 добуш же 0,22%;

«Ооган согушунун ардагерлери» партиясы - 3 459 добуш же 0, 17% ээ болду.

Баарына каршы - 35 714 берилген же 1,79%.

Мындан тышкары 5-октябрь, саат 11:00гө 1558 шайлоо участогунан кол менен эсептелген баштапкы жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, кол менен 487 071 шайлоочунун добушу саналды. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтуусунда учурда протоколдордун келип түшүүсү уланып жатат. Кол менен эсептелген добуштардын жыйынтыгында:

«Биримдик» - 19,5%, «Мекеним Кыргызстан» - 24,48, «Кыргызстан» - 9,34%, «Бүтүн Кыргызстан - 6,15%, «Мекенчил» 7,07%, «Республика»- 7,07%, «Ата Мекен» 4,52, «Ыйман Нуру - 4,12%, «Бир Бол - 3%, «Чоң Казат» - 3,28%, «Замандаш» - 2,79%, «Социал-демократтар» - 2,25%, «Реформа» - 1,36%, «Мекен Ынтымагы» - 0,91%, «Ордо» - 0,22, «Ооган согушунун ардагерлери» партиясы - 0,15% добуш алды.

Ал эми баарына каршы 1,89% добуш берилген.

Алдын ала жыйынтыктарга ылайык, добуш берүүгө 1 999 753 жаран катышкан жок.

4-октябрь күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Ага 16 саясий партия катышты.

Парламентке өтүү үчүн саясий партиялар республиканын деңгээлинде 7% босогону өтүүгө тийиш. Андан тышкары ар бир аймактан шайлоочулардын 0,7% добушун алууга тийиш. (ZKo/TSh)

XS
SM
MD
LG