12 саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясынан 4-октябрдагы шайлоону жокко чыгаруусун талап кылган катка кол коюшту. Бул тууралуу Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев билдирди. Жээнчороевдин айтымында, кол койгондордун арасында «Мекенчил» партиясы жана «жети пайыздык чектен өткөнү" белгилүү болгон «Бүтүн Кыргызстан» партиясы да бар»
«Үч ууру партиядан тышкары бардык партиялар кол койду, шайлоо жокко чыксын, бандиттер менен уурулар кетсин деп», - деди саясатчы.
Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев күч кызматкерлери эски аянттын жанында токтоочу жайда жөн эле турушканын айтты.
12 партия шайлоону жокко чыгарууну БШКдан талап кылуу чечимин кабыл алды