1994-жылдан бери дүйнөнүн 100 өлкөсүндө 5-октябрь дүйнөлүк муналимдер күнү катары белгиленип келе жатат. Билим берүү, илим министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 78 миңден ашуун орто мектептин мугалими эмгектенет.
Алардын 23 миңи шаар жергесинде болсо, 55 миңи айылда.
Мугалимдердин басымдуу бөлүгөн аялдар жана пенсия курагындагылар түзөт. Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам окуу жылы аралыктан башталды.
Республикалык штабдын чечими менен 6-октябрдан тартып 1-6-класстын мектептери кадимки окуу тартибин баштайт. Пандемия күчөгөн июнь, июль айларында өлкөдө 120дан ашык мугалим оорунун курмандыгы болду. (BCh)