Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Милиция Сузактагы окуяны териштирип жатат


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Сузак районунда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин болгон жаңжалды териштирип жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди.

4-октябрдын түнү Интернетте Сузак айылынан тартылган деген видео тараган. Анда милиция менен жергиликтүү жарандардын ортосунда чыр чыкканын көрүүгө болот.

Күбөлөр Сузак айылында шайлоонун баштапкы жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин алдыңкы сапка чыккан партиянын талапкерин куттуктап жаткан учурда эки адамды милиция кармап кеткенин билдирип жатышат. Алар жеңишти майрамдагандар мушташып жатат деген жалган маалымат милицияга түшкөндүктөн ушундай окуя болгонун билдиришти.

Милиция окуя териштирилип жатат деген маалымат берүү менен чектелди. Видеодогу чырга аралашкандар "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тарапкерлери экени айтылды. Сузак айылынан аталган партиянын талапкери катары тизмеде 58-болуп турган Шерзодбек Умарбеков "Азаттыкка" кармалган эки киши кайра бошотулганын айтты. Ал тууган-уругу партиянын жеңиши үчүн өзүн куттуктап келгенде башка партиялардын өкүлдөрү милицияга туура эмес маалымат бергенин кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдын ала маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү. Ал эми «Бир Бол» партиясы 3% көбүрөөк добуш алды. Акыркы жыйынтыкты БШК бюллетендерди кол менен эсептеп бүткөндөн кийин чыгарышы керек.

БШКнын саат 23:30га карата маалыматы боюнча шайлоонун алдын ала жыйынтыгы дээрлик 98% белгилүү болду. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы добуштардын 24,5%, «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,7%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,0% алып, жети пайыздык босогодон өттү. «Мекенчил» партиясында добуштардын 6,8%, «Республикада» 5,8%, «Ата Мекенде» 4,0%, «Ыйман Нурунда» 3,3%, «Бир Болдо» 3,0%, «Чоң Казатта» 2,3%, «Замандашта» 2,1%, «Социал-демократтарда» 2,1%, «Реформада» 1,6%, «Мекен Ынтымагында» 0,6%, «Ордодо» 0,2% жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында» 0,1% бар. Шайлоочулардын 1,8% баарына каршы добуш беришти. (TB)

XS
SM
MD
LG