Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:50

Шайлоо-2020: Москвада жүздөгөн шайлоочулар узун кезекте турушат


Москва. Добуш бергени келген кыргызстандыктар. 2020-жылдын 4-октябры.
Москва. Добуш бергени келген кыргызстандыктар. 2020-жылдын 4-октябры.

Москвада добуш бериш үчүн барган жүздөгөн адамдар санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталбаган узун кезекте турууга мажбур болууда.

Коронавируска каршы талаптар сакталбай жатканын шайлоочулар сүрөттөрү жана видеосу менен Интернеттеги социалдык түйүндөргө жарыялап жатышат.

Элчилик бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Орусияда 17 миң кыргызстандык жаран шайлоочулардын тизмесине кирген, алардын тогуз миңдейи Москвада.

Шаарда жалпысынан үч участок иштеп жатат. Тизмеде тогуз миңден ашуун шайлоочу бар. Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө карата алардын 2,5 миңдейи добушун берди. Ал эми 100гө жакыны тизмеде жок болгондуктан добушун бере алган жок.

Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп жатат.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу өкмөт шайлоо участокторунда социалдык аралык сакталышы керектигин эскерткен. (LzT/RK)

XS
SM
MD
LG