Украинанын мурдагы президенти Петр Порошенко эки өпкөсү кагынып, ооруканага жатты. 55 жаштагы Порошенко 29-сентябрда коронавируска тест тапшырып, оору аныкталгандан кийин үйүндө дарыланып жаткан. Ал кант диабети оорусунан да жабыркап жатканы маалым болду. Миллиардер Порошенко учурда Украина парламентине Европа тилектештик партиясынан мүчө. Ал 2014-2019-жылдары өлкөнү башкарып турган.
40 миллион калкы бар Украинада 222 000 миңден ашуун адам коронавирус жугузуп, 4300 киши каза болду.
Буга чейин мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко менен азыркы президент Владимир Зеленскийдин аялы коронавирустан айыгышкан эле.