Кыргызстандын Акыйкатчы институту дене табы көтөрүлгөн адамдар парламенттик шайлоодо добуш бере албайт деген алгоритмге каршы чыкты. Акыйкатчы Токон Мамытовдун айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуш берүү боюнча мындай алгоритми шайлоочулардын конституциялык укугун чектейт. Ал алгоритм жарыяланган күндөн тартып БШКга кат жазганын, бирок жооп албаганын айтты. Акыркы жолу акыйкатчы 3-октябрда да БШКга кат жолдогон.
“Акыйкатчы институту 12-сентябрда БШКнын шайлоодогу санитардык гигиеналык талаптар боюнча алгоритми чыкканда эле ушул маселени дароо көтөргөнбүз. Дене табы көтөрүлгөн шайлоочулар добуш берүүдөн четтетилгенине каршы болуп, БШКга алар үчүн атайын кабиналарды уюштуруусу зарылдыгын белгилеп кат жөнөткөнбүз. Катыбыз али жоопсуз турат. Эми шайлоого аз калганда кайра эле ушундай көрсөтмө чыгып жатат”.
Боршайком парламенттик шайлоо маалындагы санитардык талаптар тууралуу 7-сентябрда атайын алгоритм иштеп чыккан. Ага ылайык, шайлоо күнү дене табы жогору болгон атуулдар добуш берүүгө киргизилбейт. Муну шайлоо участокторунда медициналык адистер көзөмөлгө алат. Мындай эрежеге БШКнын айрым мүчөлөрү да макул эмес экенин билдиришкен.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, шайлоого келгендерди текшерүү үчүн 5728 медициналык кызматкер бекитилген. Алар шайлоо участкаларында нөөмөт менен иштеп, келгендердин дене табын текшерип турушат. Андан тышкары дары-дармек, ооруканаларда кошумча керебеттер, кызыл зоналар даярдалган.
Добушканаларга беткап кийбей келгендер үчүн кошумча антисептик, беткап, кол каптар даярдалганы кабарланды.
Алгоритм боюнча ар бир добушкана тез-тез дезинфекцияланып турушу керек.
4-октябрда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо коронавирус пандемиясынын шартында өткөнү жатат. Шайлоого 16 партия ат салышууда. (BCh/NT)