Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:04

Дагы 128 адамдан коронавирус табылды, бир бейтап каза болду


Кыргызстанда 3-октябрга карата 128 адамдан коронавирус табылды. Бир бейтап каза болду. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткандардын 141и айыкты.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47184 ​кишиге жетти. Алардын 43 278и сакайып, 1066сы жашоо менен кош айтышты.

Жаңы катталгандар:

  • Баткен облусунда - 38;
  • Ош облусунда - 33;
  • Бишкек шаарында - 22;
  • Жалал-Абад облусунда - 17;
  • Ош шаарында - 8;
  • Ысык-Көл облусунда - 6;
  • Чүй облусунда - 2;
  • Нарын облусунда - 2.

3-октябрга карата оору жаңы аныкталгандардын 10у - медицина кызматкерлери. Жалпы жонунан медицина тармагында иштеген 3304 адис вирус жуктурду. Алардын 3038и сакайды. 80ден ашууну көз жумду.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.

АКШнын Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 3-октябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 34 миллион 621 миңден ашты. Алардын 1 миллион 28 миңден көбү көз жумду, 24 миллиондон ашуун бейтап айыкты.

Оору эң көп тараган мамлекеттер:

АКШ - 7 332 285;

Индия - 6 473 544;

Бразилия - 4 880 523;

Орусия - 1 188 928.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары быйыл 18-мартта аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG