Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

3-октябрда көчмө урна аркылуу шайлоого катышууга 29 010 адам арыз берди


Парламенттик шайлоодо добуш берүү тилкесине бара албай турган 29 010 адам катталды. Алардын добушу 3-октябрда эртең менен саат сегизден кечки сегизге чейин көчмө урна аркылуу топтолот.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" билдиргендей, бул жараян өлкө аймагындагы 1834 шайлоо тилкесинде жүргүзүлөт. Шайлоо комиссияларынын ишине байкоочулар жана журналисттер күбө боло алат.

"Шайлоо тилкесинен тышкары жайдагы добуш берүү" эрежесине ылайык, үйдөн, ооруканадан же ишканадан чыгууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар шайлоого үч күн калганга чейин участкалык шайлоо комиссияларына арыз менен кайрылышы керек. Алар: улгайган кишилер, майыптар, оорулуулар же үзгүлтүксүз өндүрүштө иштеген кызматкерлер.

16 партия ат салышып жаткан шайлоо 4-октябрда өтөт. Добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар. (SE)

XS
SM
MD
LG