Жарандык активист, «Баштан башта» кыймылынын лидери, коррупцияга каршы бир канча акциялардын уюштуруучусу Улан Үсөйүн артынан белгисиз кишилер аңдып жүргөнүн билдирди.
Бул тууралуу 1-октябрда социалдык тармактагы баракчаларга жазып, бул анын саясий көз карашына байланыштуу болушу мүмкүн экенин белгиледи.
Алардан коркпой турганын айткан Үсөйүн досторунун, тарапташтарынын жардамына, колдоосуна муктаж экенин кошумчалады.
27 жаштагы Улан Үсөйүн тең укуктуулукка чакырган, коррупцияга каршы ачык билдирүүлөрдү жасап, жемкорлукка каршы «REАкция» деп аталган үч жолку акциянын уюштуруучусу катары белгилүү. (SE)