Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

БШК Аманкуловдун маселесин чече элек


Марат Аманкулов.
Марат Аманкулов.

«Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун чуулгандуу билдирүүсү Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобунун күн тартибинен түшө элек.

Коомчулукта айрымдар бийликчил партиянын талапкерине чара көрүлбөгөнүнө нааразы болуп жатышат.

Бийликчил деп саналган «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкулов боюнча арызды Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) эки жумушчу тобу карап, аны шайлоодон четтетүү тууралуу талапты четке кагышты.

1-октябрдагы үгүт эрежелеринин сакталышы жана арыздар, ошондой эле жарандарга маалымат берүү боюнча жумушчу топтор Аманкуловго чара көрүүгө негиз жок деп табышты. Жумушчу топтун мүчөсү Семетей Аманбеков чечимди мындай түшүндүрдү:

«Ал жерде «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 28-беренесине таянып арыз берилген. Анда үгүт иштеринин эрежелери бузулганы айтылып жатат. Бирок үгүт иштери 4-сентябрда башталган. Ал эми Аманкуловдун видеосу февралда чыгып жатпайбы. 46-беренеде тизме бар. «Талапкер кайсы учурда четтетилет?» деген. Бир да беренеге туура келбей койду».

Жумушчу топтун мүчөлөрү активисттердин арызын четке кагуу жана Аманкуловду талапкерлердин тизмесинде калтыруу боюнча БШКга эки сунуш берди. Боршайком маселени качан карай турганы белгисиз.

Жарандык активисттер «Биримдик» партиясын жана анын лидери Марат Аманкуловду парламенттик шайлоо жарышынан четтетүү тууралуу 150 кишинин колу коюлган арызды БШКга 28-сентябрда беришкен. Активист Умай Арыкова Аманкуловду шайлоодон четтетүү керек деп эсептейт.

«Талапкерлигин алыш керек болчу. Видео үгүт маалында чыкты. Ал Марат Аманкулов катары барган эмес. Ал өзү жарыялап жатат, «мен мындай партиянын лидеримин» деп. Алар партия катары үгүт иштерин ошондо эле баштап жаткан», - деди Арыкова.

Арыкова ушундай эле арыз менен Башкы прокуратурага кайрылган. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Марат Аманкуловдун сөзүнө байланыштуу анын өзүнө чара көрүү боюнча арыз таштаган. Ал органдардан арыз боюнча кандай иш-аракеттер жүрүп жатканы боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Бийликтин партиясы катары сыпатталып жаткан «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкулов - азыркы парламентте башкаруучу коалициядагы КСДП фракциясынын депутаты.

Коомчулукта Аманкуловдун чуу жараткан билдирүүсү боюнча күч түзүмдөрү эч кандай реакция кылбаганына нааразы болгондор арбын.

Алар көчөдө сөгүнгөн же социалдык тармактарда бийликти тамаша менен сындаган жарандарды атайын кызматтар суракка алып, айрымдарын камаган учурларды Аманкуловдун эгемендик тууралуу билдирүүсү менен салыштырып жатышат.

Маселен, 2019-жылдын аягында «Фейсбуктагы» «БеспределKG» баракчасынын билдирүүлөрүнүн бирине жазылган пикир үчүн анын негиздөөчүсү Автандил Жоробеков атайын кызматтын тергөө абагына камалып чыккан.

«Депутаттын оозунан мындай сөз чыкканы кылмышка барабар. Грузияда бир жолу орус депутаттары менен байланышкан окуяда өкмөт кызматтан кеткен. Жазык кодексинде кандай жаза бар экенин билбейм. Бирок муну чыкынчылык катары бааласа болот», - деди Жоробеков Аманкуловдун билдирүүсү тууралуу.

Ал укук коргоо органдары бийликчил партиянын одоно мыйзам бузуусуна көз жуумп жатат деген пикирин кошумчалады.

Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков добуш берүү күнүн утурлай билдирүү таратып, анда бардык партияларга бирдей шарт түзүлгөнүн айтты. Ал шайлоодо утулуп калган партияларды коомдун тынчтыгына доо кетирбөөгө чакырды:

«Үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Саясий позицияңарды, көз карашыңарды жарыялоо үчүн эч кандай тоскоолдук болгон жок. Эми, шайлоо мыйзамдарынын чегинен чыкпагыла. Кандай гана күрөш болбосун, жеңген тарап менен бирге жеңилген тарап да болот. «Жыгылган күрөшкө тойбойт» дегендей жеке дымагына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз».

26-сентябрда Интернетте «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү жазылган видеотасма тараган. Анда саясатчы: «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», - деп билдирген.

Аманкуловдун бул сөзү коомчулукта кескин сынга кабылып, Бишкек, Ош, Каракол шаарларында нааразылык акциялары өткөн.

Марат Аманкулов сынга кабылып жаткан видеотасма тууралуу «атайын жасалган чагым» деп комментарий берген. Ал видео 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылын өткөрүүнүн алдындагы Москвадагы маданий иш-чарада тартылганын, анда айтканы контексттен бөлүнүп алынганын билдирген.

Жогорку Кеңештин расмий сайтында бул жолугушуу былтыр жыл аягында эмес, быйыл февраль айында өткөнү тууралуу маалымат турат.

«Биримдик» партиясы менен шайлоого президенттин иниси Асылбек Жээнбеков да баратат. Бул партия үгүт маалында негизги ураандарынын бири катары «Евразиялык тандоо» деген сөздү колдонууда. Ошондой эле партияны баштап бараткан Акылбек Жамангулов КТРКдагы дебатта Кыргызстан СССРдин тушунда өнүккөнүн белгилеп, союзду даңктаган.

Эгемендик жана "евразиячыл интеграция"
please wait

No media source currently available

0:00 1:02:23 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG