Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган деген шек менен 26 адамды кармап, алардын бешөөнү камакка алды. Бул бүгүн-эртең шайлоо болот деп турганда коопсуздук маселесин күн тартибине чыгарды.
Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, 30-сентябрда коомдук тартипти туруксуздаштырууну пландап, бийликти күч менен басып алууга чакырган видео Интернетте тараган.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы кылмыш ишин козгоду. Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
«Видео тасмадагы адамдардын тек-жайы аныкталып, 2020-жылдын 30-сентябрь күнү «Кырк уруу жети дубан» кыймылынын 26 мүчөсү кармалып, Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматына жеткирилген. 26 жаранга тең наркологиялык изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 20 адам баңгизат колдонгондугу аныкталган», - деди министрликтин басма сөз катчысы Адинай Шаршеева.
ИИМ кармалгандар «Кырк уруу жети дубан» кыймылынын мүчөлөрү экенин, камакка алынган беш кишинин төртөө мурда соттолгонун кабарлады.
Ага ылайык, Шамил Муканбаев буга чейин сот жообуна тартылган. Амангелди Артыков баңгизат сактагандыгы үчүн эки жолу соттолгон. Акылбек Олжембаев зордуктоо жана аткезчилик менен эки ирет түрмөгө түшкөн. Кубанычбек Жумаканов мурда тоноо, ээнбаштык жана уурдоо менен үч жолу абакка отуруп чыккан. Рыскелди Бериков гана кылмыш жообуна тартылган эмес.
Милиция тасмадагы башка адамдардын да окуяга тиешеси бар-жогун иликтеп жатат жана бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды.
30-сентябрда социалдык түйүндөрдө бир бөлмөдө отурган 20 чакты эркек саясат темасын, тагыраагы парламенттик шайлоону талкуулап жатканы тартылган видео тараган. Анда отургандар Кыргызстандын ар бир айылынан адамдарды чыгаруу, тышкы карызды төлөө, 30 жылдан бери жаратылыш ресурстарын колдонуу жолго коюлбай келатканы тууралуу сүйлөшкөн.
«Эгерде ушул шайлоону өткөрүп жиберсек биз, Кыргызстан утулабыз. Азыр желек биздики. Кыргыздар бардык жерде кул болуп жатабыз, миграцияда жүрөбүз. Ушунун баарын ойлонуп туруп бир жыйынтыкка келели», - деген отургандардын бири.
«Кырк уруу жети дубан» эмне болгон кыймыл?
Видео кайсы жерде качан тартылганы белгисиз. «Кырк уруу жети дубан» кыймылынын мүчөлөрү буга чейин да бир катар чуулуу окуяларга аралашкан.
Алардын аты былтыр жыл башында Бишкектин Ала-Тоо аянтында Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылган митингде аталган. Акцияны уюштуруучулардын бири, кыймылдын мүчөсү Амангелди Артыков кийинчерээк «үйүнөн баңгизат табылды» деген негиз менен 2019-жылы эки айга камалган. Аялы баңгизатты алардын үйүнө күч кызматкерлери таштап кеткенин айтып, арызданган.
Артыковдун аты өткөн жылы март айында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингде да чыккан. Акциядан кийин «Бийликти күч менен басып алуу аракети» беренеси менен козголгон иште Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров менен кошо Амангелди Артыковду да кармаган. Анын буга чейинки иштери эмне менен бүткөнү жана качан абактан чыкканы беймаалым. Ошол эле митингге «Кырк уруу жети дубан» кыймылынын башка да мүчөлөрү катышканы кабарланган.
Сөз болуп жаткан кыймыл Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн эмес. ИИМ былтыр июнь айында кыймылдын лидери Замирбек Дүйшөнов «милиция кызматкерине пара сунуштаган» деп шек саналып кармалганын билдирген. «Кырк уруу жети дубандын» мүчөлөрү ар кандай акцияларга, өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөө боюнча талаш-талкууларга аралаша калып жүрүшөт. Жалаң эркектердин катышуусунда өлкөдөгү саясий абалды талкуулап жаткан тартылган видеолору Интернетте көп эле.
Президентти кооптондурган коопсуздук
Анын мүчөлөрүнүн парламенттик шайлоо алдында оор беренелерге шек саналып кармалышы саясий жараян алдындагы коопсуздук маселесин козгоду. Муну президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиодогу» акыркы маегинде да белгилеген.
«Тилекке каршы, биздин өлкөдөгү эки элдик толкундоонун негизги себеби мына ушул шайлоо болгон. Ал окуялар, биринчи кезекте, бизге — бийликтегилерге чоң сабак болуш керек. Ошондуктан, шайлоонун ачык, адилеттүү, таза өтүшүнө биринчи кезекте мен, президент катары кызыкдармын. Жана ушуга зарыл болгон бардык иш-чараларды мыйзам алкагында тиешелүү органдар менен жасап жатабыз. Укук коргоо органдарынын шайлоо учурунда өлкөдөгү тынчтыкты сактоо, чагымчылдыкка жол бербөө иштери өзгөчө көзөмөлдө турат азыр. Шайлоону тынч, кыргызстандыктардын тынч жашоосун бузбай өткөрүү — бул менин президенттик негизги милдетим. Эч бир күч биздин мекенибизде кандайдыр бир эксперимент жүргүзүүгө акысы жок жана ага, буйруса, жол бербейбиз».
Эксперттер эмне дейт?
Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолукканда да парламенттик шайлоонун шылтоосу менен өлкөдө саясий абалды курчуткусу келип жаткандар бар экенин айткан. «Бийлик улам-улам коңгуроо кагып жатышынын төркүнү эмнеде, чын эле шайлоодо тоз-тополоң кылгысы келген күчтөр барбы?» деген суроолор берилип жатат. «Легендарлуу парламенттин» депутаты, академик Жамин Акималиев бул тууралуу пикири менен бөлүштү.
«Шайлоодо кооптуу абал болот деген сөздөрдөн алыс болуш керек. Ооба, эл арасында «шайлоодон кийин эмне болуп кетет?» деген сөз бар. Бирок анализдеп карап көрсөк андай деле коркунуч жок. Бардык иштер шайлоонун гана жыйынтыгына жараша болот. Шайлоону таза өткөрүп, мыйзамды так сактасак эле эч нерсе болбойт. Ал эми ар кандай пикирлер боло берет. Аны күчөтө бербеш керек».
Ал тапта социалдык тармактарда «парламенттик шайлоого катышып аткан «Чоң Казат» партиясы шайлоодо башаламандык уюштурганга даярданып жатат. Ал үчүн партиянын лидери чет жактан каржылык колдоо алды» деген тасма чыкты. Партиянын төрагасы бул маалыматтарды четке какты.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Туратбек Мадылбеков Кыргызстанда президенттик, парламенттик шайлоодо ар дайым коомдук абалды туруксуздаштырууга аракет кылган күчтөр тууралуу айтылып, эскертилип келатканын белгиледи.
«Укук коргоо органдары партияларга алдын ала эскертүү кылып жатат. Айрым партиялар «шайлоодон өтпөй калсак көчөгө чыгабыз» деп айтып жатат. Муну оппозициялык бир катар партиялар кайталады. Бирок мен азыр кооптонууга негиз жок деп эсептейм. Шайлоо тынч өтөт. Себеби, мен мурда – кийин саясатта жүргөндүктөн аймактардагы тааныштарым менен сүйлөшүп, маанайларын да билип турам да», - деди Мадылбеков.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда.