Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:55

Украин полициясы Киевдеги АКШ жаранынын өлүмүн иликтөөдө


Киев.
Киев.

Украинанын полициясы Киевде киши колдуу болгон АКШ жаранынын өлүмүн иликтей баштады.

Полициянын 1-октябрда тараткан маалыматында, башынан жараат алып, оор абалда жаткан аял Киевдин Шевченко районундагы темир жолдун жанынан табылган. Аты-жөнү азырынча ачык жарыяланбаган аял ооруканага жеткирилип бир нече убакыттан соң өзүнө келбей каза тапкан. Анын сумкасынан АКШнын элчилигинде эмгектенерин ырастаган документ табылган.

Киевдин полициясы кылмышка шектүү жөнүндө маалымат таратты. Ага ылайык, шектүү бою 1,90-2 метр болгон 30-40 жаштагы эркек болушу мүмкүн.

Америкалык жарандын каза болгонуна байланыштуу АКШнын Украинадагы элчилиги «Твиттердеги» баракчасына маалымат таратты.

«Биз АКШ элчилигинин Киевдеги коомчулугунун мүчөсү каза болгону жөнүндө кайгыруу менен маалымдайбыз. Учурда элчиликтин тиешелүү кызматкерлери полиция менен кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иштеп жатышат», - деп айтылат билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG