Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:26

Венгрия Кыргызстанга 50 миллион доллар насыя бөлүп бермей болду


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан. Будапешт шаары.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан. Будапешт шаары.

Венгрия өкмөтү Кыргызстанга насыя түрүндө 50 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу 29-сентябрда Будапештте президент Сооронбай Жээнбековдун Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуусунда айтылды.

Кыргыз президентинин бул өлкөдөгү расмий сапарынын алкагында бир катар келишимдер менен катар Кыргыз-венгр өнүгүү фондун түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Жээнбеков бул фонд ушул жылдын аягына чейин иштей баштайт деген үмүт бар экенин белгилеп, 50 миллион долларлык өлчөмдөгү насыялык линия ачылып жатканын кабарлады. Ал тараптар саясий диалогду, парламент аралык байланыштарды жана экономикалык кызматташтыкты жакшыртмай болушканын билдирди. Эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлганын маалымдады.

Мындан тышкары, кош салыкты жоюу, инвестицияларды коргоо, саламаттык сактоо, экономиканы санариптештирүү, айыл чарбасы жана башка тармактардагы келишимдер да кабыл алынды.

Будапешт шаарындагы бакчалардын бирине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун наамын ыйгаруу аземи болуп өттү.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте быйыл февраль айында ачылган. 2018-жылы венгр өкмөтүнүн башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен. Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студенттер Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алышат. (RK)

XS
SM
MD
LG