Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

COVID-19: Иранда балдарга оору жуккан учурлар көбөйдү


Иранда коронавирус менен ооруканага түшкөн балдар күндөн күнгө көбөйүп жатат.
Иранда коронавирус менен ооруканага түшкөн балдар күндөн күнгө көбөйүп жатат.

Иранда кийинки күндөрү балдарга СOVID-19 илдети жуккан учурлар көп каттала баштады. Баш калаа Тегерандагы «Али Аскар» балдар ооруканасынын дарыгери Голамреза Бейзайияндын айтымында, коронавирус менен ооруканага түшкөн балдар күндөн күнгө көбөйүп жатат.

Иран өкмөтү азырынча так көрсөткүчтөрдү жарыялай элек. Айрым ата-энелер балдарын мектепке жиберүүдөн кооптонуп жатышканын окуу жайларынын директорлору кабарлашты.

Ирандын президенти Хасан Роухани 26-сентябрда коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында провинциялардын жетекчилерине кырдаал курчуп баратса карантин киргизүү укугун ыйгарды.

Өлкөдө бул илдеттен каза болгондор 25 миңден ашты.

Жалпы дүйнөдө коронавирус бир миллиондон ашык бейтаптын өмүрүн алып, ооруну 32,5 миллиондон көп киши жугузуп алды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери белгилегендей, кийинки жылдын алгачкы жарым жылында коопсуз жана натыйжалуу вакцина баарына жеткиликтүү болмоюнча пандемияны көзөмөлдөө мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG