Акциянын катышуучулары "Маңкурт болбо", "«Биримдик», чык эшикке", "Эгемен Кыргызстан", "Кыргыз жери кол тийгис", "Саткындар кетсин!" деп ураан чакырышууда.
Демонстранттар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка арыз жазып, ага кол коюшту. Акциянын катышуучулары Марат Аманкуловдун сөзүнө юридикалык баа берүүнү талап кылышты.
"Бул - Конституцияга, элге каршы, сепаратисттик билдирүү. "Биримдиктин" мындай позициясы жана идеологиясы партиянын иш-аракети өлкөнүн улуттук коопсуздугуна каршы багытталганын билдирет", - деп айтылат арызда.
Улан Үсөйүн акциянын катышуучуларын чагымга жол бербей, көчөгө таштанды ыргытпай, чөптү тебелебөөгө үндөдү.
Улан Үсөйүн: «Эгемендигибиз үчүн күрөшүүгө даярбыз! Саткын саясатчыларга жол бербейбиз!».