26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Талас жана Нарын облустарында -2...-3 градуска чейин үшүк жүрөт. Батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,
Нарын жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22,
Талас дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 14...19,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...8, күндүз 1...6° болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 18…20° болот.