Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:01

Жыл башынан бери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстандын экономикасы эң көп жабыркады


ЕАЭБге кирген мамлекеттердин желектери.
ЕАЭБге кирген мамлекеттердин желектери.

2020-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 335,5 миллиард сомду түзүп, бир жыл мурунку ушул мезгилге салыштырмалуу 5,9% төмөндөдү.

Бул көрсөткүч Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттердин арасында эң төмөнү болду.

Экономика министрлигинин баяндамасына ылайык, мамлекеттеги инфляция - 5,6%.

ЕАЭБге кирген башка мамлекетттердин сегиз айдагы ИДӨ көрсөткүчү: Беларус - 1,3%, Казакстан - 3%, Орусия - 4,3%, Армения - 5,7.

Жыл башынан бери Кыргызстандын сырткы товар жүгүртүүсү 21,7% төмөндөп, үч миллиард 83 миллион долларды түздү. Импорт 30,9% (1,9 миллиард доллар) ылдыйлап, экспорт 1,7% (1,1 миллиард доллар) өстү. Экспортто алтын 34,2% жогорулаган.

XS
SM
MD
LG