Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Макрон Шинжаңга эл аралык миссия жөнөтүүнү сунуш кылды


Шинжаң.
Шинжаң.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон БУУнун туусу астындагы эл аралык миссияны Кытайдын Шинжаң автономдуу районуна жөнөтүүнү сунуш кылды. 22-сентябрда уюмдун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып француз лидери «бардыгыбыз Кытайдагы уйгур азчылыгынын абалына тынчсызданып жатабыз, миссияны ушуну эске алуу менен түзүү зарыл» деди.

Маалыматтарга караганда, Шинжаңда бир миллиондон көп уйгурлар жана башка түпкүлүктүү элдердин өкүлдөрү, көбүнчө мусулмандар «кайра тарбиялоо лагерлерине» айдалган. Бээжин аларды экстремизм менен терроризмге туруштук бериш үчүн түзүлгөн «кесипке үйрөтүү жана билим берүү борборлору» деп атап келет. Дээрлик үч жылдан бери аймактагы мусулмандар дискриминацияга, кугунтукка туш болгону, лагерлерге күчтөп жөнөтүлгөнү, ал жактарда ыдык көргөнү маалымдалып жатат.

Вашингтон жакында Шинжаңдагы уйгурларга жасалган мамилеси үчүн Бээжинге кысымын күчөттү.

XS
SM
MD
LG