Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:08

Журналист Бакыт Орунбековдун китеби жарык көрдү


Журналист, «Азаттыктын» баяндамачысы Бакыт Орунбековдун «Менин тагдырымдагы инсандар» аттуу китеби жарык көрдү. Автордун айтымында, китепте советтик доордогу, эгемендик жылдардагы саясатта, илимде, ишкердикте ийгиликке жеткен адамдардын, жалпысынан 24 каармандын тагдыры жөнүндө жазылган. Алардын арасында Жусуп Абдрахманов, Султан Ибраимов, Роза Отунбаева, Мелис Мырзакматов, Казат Акматов ж.б. бар.

«Ар бир каармандын кыял-жоругун, баскан жолун, өтөгөн эмгегин кандай билсем, кандай туйсам ошого жараша жеке баамды жаздым. Алардын портреттери эл арасындагы, коомдогу ар түркүн пикирлер, көз караштар менен шөкөттөлөт», - деди Орунбеков.

Бакыт Орунбеков 1964-жылы Тогуз-Торо районунун Арал айылында туулган. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, саясий илимдердин кандидаты. Публицистикалык, илимий-педогогикалык сегиз китептин автору. Журналисттер союзунун сыйлыгынын эки жолку лауреаты. «Ош-3000» медалынын ээси. (TSh)

XS
SM
MD
LG