Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:03

Помпео: АКШ Навальныйдын ууландырылганына «тийиштүү» жооп берет


Алексей Навальный ушул тушта Германияда дарыланып жатат.
Алексей Навальный ушул тушта Германияда дарыланып жатат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Bild» немис басылмасына орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышы тууралуу комментарий берди.

Ал Вашингтон химиялык курал колдонууга караманча каршы экенин белгилеп, колдоруна керектүү факты тийери менен тийиштүү жооп кайтарыларын эскертти.

Помпео Британияда мурдагы орусиялык тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлия ууландырылган учурдагы АКШнын аракеттерин эске салды. Ал Вашингтон Навальный боюнча Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун корутундусун күтөрүн белгиледи.

Кремлдин башкы каршылашы Навальный 20-август күнү Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Алгач Омскидеги ооруканага жеткирилип, кийин жакындарынын талабы менен Берлиндеги «Шарите» клиникасына которулган. Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын билдирген. Кремль буга эч кандай тиешеси жок экенин белгилеп келет.

Өткөн аптада Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөш фонду оппозициячыл саясатчы түнөгөн Томск шаарындагы мейманканадан алынган бөтөлкөдөн «Новичоктун» изи табылганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG