Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Беларус сайттары каршылык иретинде актай сүрөтсүз макала жарыялашты


Беларустагы бир катар алдыңкы эркин басылмалар менен сайттар камактагы эки фотографты колдоо иретинде башкы бетине сүрөтү жок билдирүү жана макалаларды жарыялашты. Актай барактын орто ченинде «Бул жерде сүрөт болушу керек эле» деген жазуу жазылган. Ошондой эле фотографтар Александр Васюкович менен Владимир Гридин «уруксат берилбеген акцияга катышканы үчүн» 11 күнгө камалганы белгиленген.

16-сентябрда Минск шаарынын Фрунзе райондук соту «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Гридин менен TUT.BY басылмасынын штаттан тышкаркы фотожурналисти Васюковичти «массалык жыйындар жөнүндө мыйзамды бузду» деп таап, аларды 11 күнгө камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Фотографтардын жанында жүргөн үчүнчү киши, Васюковичтин досу Егор Колягинге 540 рубль ($210) айып салынган.

Аларды беткап кийген адамдардын тобу 13-сентябрда Минскидеги кафелердин биринде отурган жеринен кармап кеткен. Ал күнү беларус баш калаасында президент Александр Лукашенконун шайлоодогу «жеңишин» тааныбаган түмөндөгөн адамдар көчөгө чыгышкан болчу. Беларустун Ички иштер министрлиги акция маалында 400 киши кармалганын билдирген.

Беларус бийлиги журналист, фотограф Владимир Гридиндин аккредитациясын да жокко чыгарып койгон. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Дейзи Синделар 16-сентябрда билдирүү тараптып, беларус сотунун чечимин «көз каранды эмес журналисттерге чабуул» катары баалады.

Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгын кескин сынга алган жана президент Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган жүрүштөр 9-августтан бери уланып жатат.

XS
SM
MD
LG