Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:04

Кой-Таш окуясы боюнча соттолуучунун адвокаты судьянын үстүнөн Тартип комиссиясына арызданды


Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму. 2020-жылдын 16-сентябры.
Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму. 2020-жылдын 16-сентябры.

Кой-Таш окуясы боюнча соттолуучу Фархат Баабиевдин адвокаты Батырбек Шамбетов Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына арызданды. Бул тууралуу «Азаттыкка» КСДПнын өкүлү, соттолуучулардын бири Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, адвокат комиссиядан ишти карап жаткан судья Марат Сыдыковго карата чара көрүүнү суранып, муну судьянын күбөлөргө суроо бердирбей Баабиевди сот залынан чыгарып жибергени менен негиздеди.

Жолдубаева белгилегендей, башка адвокаттар да судьянын бул чечимин туура эмес деп табышты.

«Алар судьянын айыпталуучулардын жана жактоочулардын суроо берүү укугун чектеп жатканын мурда да айтып келишкен. Баабиев бүгүн сотто атайын кызматтын «Альфа» тобунун жабыркаган тараптын күбөсү катары өтүп жаткан кызматкерине суроо берейин дегенде судья ушундай чечим чыгарды. Башка айыпталуучулар да судьянын бул чечимине каршы чыгып, нааразылык көрсөтүштү», - деди ал.

Жолдубаеванын айтымында, соттолуучулар Баабиевге тилектештик билдирип, залдан аларды да чыгарууну өтүнүштү. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды, бирок түштөн кийин Баабиевден башкасы баары жыйынга толук катышты.

2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясы боюнча иш Биринчи май райондук сотунда каралууда. Мекеменин басма сөз кызматы бүгүнкү отурумда жабыркаган тараптын сурагы уланганын маалымдады. УКМКнын «Альфа» бөлүгүнүн эки кызматкери көрсөтмө бергенин билдирди. Кийинки отурум 18-сентябрда уланарын кошумчалады.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу тууралуу суракка баруудан баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан кармоо операциясы атайын кызматтын бир офицеринин өлүмү менен аяктаган. 175 адам түрдүү жараат алган. Бул үчүн ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын 14үнүн иши сотко өткөн.

Жактоочулардын айтымында, жалпысынан 50дөн ашуун жоокер көрсөтмө берет, буга чейин алардын он чактысы сотко барып катышты.

УКМКнын тергөө абагында отурган Атамбаев сотко катышпай келет, себеби ал сот залындагы тосулган жерге отурууга макул болбой койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG