Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:06

Талибдер менен тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүүлөр башталат


Талиб туткундарын бошотуу - тынчтык келишиминин бир талабы. Сентябрь, 2020-жыл.
Талиб туткундарын бошотуу - тынчтык келишиминин бир талабы. Сентябрь, 2020-жыл.

Ооган өкмөтү менен талибдердин ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү Катарда болот. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео тараптардын бул чечимин кубаттады. Ал «Ооганстан үчүн ондогон жылга созулган согушту бүтүрүп, кан төгүүгө чекит коё турган тарыхый мүмкүнчүлүктү» колдон чыгарбоого тараптарды үндөдү.

АКШ президенти Дональд Трамп кийинчерээк журналисттерге Майк Помпео Катардын борбору Дохага барып, сүйлөшүүлөргө катышарын маалымдады.

10-сентябрда Ооган өкмөтүнүн мүчөсү Фавзия Куфи алар сүйлөшүүгө катышуу үчүн 11-сентябрда Дохага бара турганын «Азаттыктын» ооган кызматына кабарлаган.

Талибдер да сүйлөшүүгө даяр экенин билдиришкен. Сүйлөшүү тууралуу Катардын Тышкы иштер министрлиги да ырастады.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү - АКШ менен талибдер февралда кол койгон тарыхый келишимдин бир бөлүгү. Февралда АКШ менен «Талибан» тынчтык келишимине кол коюшкан. Ага ылайык, эл аралык күчтөр ооган жергесинен эмки жылдын май айына чейин чыгарылууга тийиш. Талибдер Кабул өкмөтү менен атышууну токтотуу жана бийликти бөлүшүү боюнча диалог баштоого, чет өлкөлүк контингентке каршы террордук аракеттерди токтотууга убада берген.

Ооган өкмөтү «Талибан» кыймылынын туткундагы 400 жоочусунун дээрлик баарын бошотту.

XS
SM
MD
LG